• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан чыккан өрт таңкы саат 5те өчүрүлгөн – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан чыккан өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылып, таңкы саат 5те өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шабдан Баатыр №108 дарегинде жайгашкан ЖЭБдин аймагында жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшүп, жерине саат 03:06дан тарта жалпы 6 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган.

"Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен ЖЭБдин 5 кызматкери жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткизилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий