• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коронавируска каршы эмдөөнүн экинчи этабы башталды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Бишкекте коронавируска каршы эмдөөнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифингде билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада жалпы 21 миң 423 адам вакцина алды, алардын ичинен 14 миң 334ү экинчи дозаны алышты.

“Жеке каалоолору менен 10 миң 357 адам эмдөөдөн өттү. Алардын 446сы өнөкөт оорулар менен жабыркайт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмдөө 3 этапта өтөрүн билдирген. Биринчи этапта медкызматкерлер, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, оор ооруга кабылгандар, мугалимдер, укук коргоо орагандары, кызмат көрсөтүү тармагында иштегендер вакцина алмак.

Экинчи этапта 60 жаштан жогору курактагылар, өнөкөт оорулары бар жарандар жана калктын аярлуу катмарлары эмделмек. Үчүнчү этапта калган жарандар вакцина алат.

Пикир

Оставить комментарий