• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК "Кыргыз темир жолунун" мурдагы директору Василий Дашковду кайрадан кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын экс-директору Василий Дашков кайрадан кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, УКМК "Кыргыз темир жолундагы" коррупциялык схеманы аныктаган. Буга чейин Биринчи май райондук соту тарабынан Василий Дашковдун бөгөт чарасы каралып, 2021-жылдын 18-июлуна чейин үй камагына алынган болчу.

"Дашков мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуру боюнча тергөө менен келишим түзүп, бирок аны аткарган эмес", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий