• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кошумча 8 тез жардам бригадасы түзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарында кошумча 8 тез жардам бригадасы түзүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда тез жардам кызматына байланыша албай жатканын айтып, жарандар нааразычылыгын билдирүүдө.

“Биз кошумча 8 тез жардам бригадасын түздүк. Ошондой эле “Гансиде” атайын эки унаа уюшулган. Ал бардык медициналык жабдыктар менен жабдылган. Эгер бейтаптын абалы кескин түрдө начарлай турган болсо, анда аны тиешелүү мекемеге жеткирет”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус жуктурган 314 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7691ди түзөт. Алардын ичинен 2843 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 92 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий