• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл акыны Менди Мамазаированын 80 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтөт

Маданият 0

Бишкек, 09.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бишкекте 12-июнда Кыргыз Республикасынын эл акыны Менди Мамазаированын 80 жылдык маарекесине арналган “Жазуучу жана театр” аттуу чыгармачылык кече өтөт.

Мааданият министрлигинен билдиришкендей, кече Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында саат 18:30да башталат.

Кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова 1943-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында туулган. Студент кезинен эле республикалык газета, журналдарга чыгармалары жарыялана баштайт. Натыйжада "Саламатсыңбы, Күн?", "Тур, улуу журт", "Элим ай!", " Ош-Азия гоохары" сыяктуу поэтикалык жыйнактары жарык көргөн. Ошондой эле "Турумтай", "Акимдин махабаты", "Аймаран”, драмалары: "Аппак аял, Айдай кыз", "Актриса", "Үй камагы", "Кечиктим", "Кымгуут түшкөн бир кечте" аттуу прозалык чыгармалары чыккан.

Менди Мамазаирова Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Махмут Кашгар атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эл акыны. Ал чыгармалары менен кыргыз элине өчпөс из калтырган белгилүү акын Жолон Мамытовдун жубайы.

Пикир

Оставить комментарий