• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда “Манас” эпосу өзбек тилине которулду

Маданият 0

Ташкент, 04.10.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. КР эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Манас” эпосунун кыскартылган варианты өзбек тилине которулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына котормонун автору, белгилүү өзбек манас таануучусу, филология илимдеринин кандидаты Зухритдин Исамутдинов билдирди.

Анын айтымында, ушу кезге чейин “Манас” эпосу өзбек тилине төрт ирет которулуп жана жарыяланган. Алгачкы жолу 1958-жылы төрт котормочу тарабынан эпостун биринчи бөлүгүн 1-китебинин башкы баптары которулган.

Эпостун биринчи китеби озбек тилине көрүнүктүү өзбек акыны Миртемир тарабынан которулуп, 1964-жылы басылык чыккан. Бул котормонун көлөмү 13500 ырга жакын. Экинчи китепти Султан Акбари которуп, 1987-жылы чыккан. 1995-жылы Турсунбай Адашбаев балдар үчүн прозаикалык котормону жарыялаган.

“Манас” эпосунун бул варианты 18 мин ырдан турат. Анын артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу китеп чыккан соң айтууга болот. Учурда кол жазма басма үйүндө жана жакын арада жарык көрөт. Кандай болсо да, бул котормо “Манас” эпосунун жанрдык өзгөчөлүгүн изилдөөгө дагы бир негиз боло алат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, З. Исамутддинов 2014-жылы өзбек тилине улуу кыргыз акыны Токтогулдун прозаларын которгон.

Пикир

Оставить комментарий