• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Бишкекте 7-12-декабрь күндөрү “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүдө. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары келишет. Алар Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди коюшат.

Фестивалдын расмий ачылышы 7-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драмда театрында өтөт. Башталышы саат 15:30.

Игш-чаранын толук прогараммасы менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий