• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте милиция интимдик кызмат көрсөткөн 250дөн ашык кызды аныктады, арасында жашы жете электер бар

Коом 0


Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Бишкекте “Көпөлөк-притон” аталышындагы профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө интимдик кызмат көрсөткөн 250дөн ашык кыз кармалды. Алардын ичинен сегизинин жашы элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган фактылар райондордун ички иштер башкармалыктарында жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, 160-берененин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде 10 кылмыш иши козголгон. Эки кылмыш иши боюнча шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, укук бузууларды жасагандыгы үчүн 11 кыз соттун чечими менен КР Укук бузуулар кодексинин беренелерине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылып, Бишкек ШИИББнын атайын кабыл алуучу жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө козголгон кылмыш иштеринин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө 60тан ашык сауна, массаж бөлмөлөрү, мейманканалар аныкталып, администраторлор жана ээлери суракка чакырылып, кылмыш жоопкерчилиги эскертилген.

Ошондой эле, ар кандай мессенджерлерде мурда түзүлгөн топтор жана жамааттардын катышуучулары социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар экени аныкталган.

Бишкек шаардык милициясы интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенгендер же тиешелүү жай боюнча кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлер аркылуу байланышып коюуга чакырат: Whatsapp 0(701) 700-251, 0(312) 43-73- 75, же болбосо 102 ыкчам байланыш номери (күнү-түнү иштейт). Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий