• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ортосунда түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

Маданият 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы менен кызматташат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-18-февраль күндөрү маданият министри Алтынбек Максутов Түркияга өткөн Этноспорт боюнча алтынчы форумунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Атап айтканда, Алтынбек Максутов Билал Эрдоганга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү жана жалпы эле Кыргызстандын салттуу спорт түрлөрүн колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Билал Эрдоган "Кырчын этно шаарчасында" этноспорт программасы менен масштабдуу фестивалды өткөрүү буга чейинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чоң таасир калтырганын белгилеп, мындай масштабдуу фестивалды "Кырчын" жайлоосунда үзгүлтүксүз өткөрүү Кыргызстандын визиттик карточкасы болуп кала берерин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КР Маданият министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий