• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үч тилдеги шоу. Бишкекте “Курак Энциклопедиясы” аталышындагы санариптик көргөзмө өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде “Курак Энциклопедиясы” аталышындагы санариптик көргөзмө иштеп баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 20-27-январь күндөрү (дүйшөмбүдөн башка) саат 13:00дөң 18:00гө чейин ачык болот. Санариптик иш-чара кыргыз, орус жана англис тилдеринде өтөт (ар бири 20 мүнөт сайын кезектешет).

Европа биримдигинин колдоосу жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө "Лидер" атуулдук демилгелер борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан “Digikonush – санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында "Курак" аялдар форуму коомдук бирикмеси электрондук коммерция көндүмдөрүн практикалык колдонууну жогорулатуу максатында субгранттык долбоорду ишке ашырды жана "Курак Энциклопедиясы" деп аталган санариптик көргөзмөнү жаратты.

Бул экспозиция курак искусствосунун байыркы доордон берки тарыхы жана анын азыркы мезгилде кандай актуалдуу боло тургандыгын айтып берет. Көргөзмөдө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт жана өнөр музейинин “курак” техникасындагы экспонаттары пайдаланылган, алардын айрымдары 100 жылдан ашык мурда жасалган. Мындан тышкары, азыркы авторлордун экспонаттары да коюлган.

"Курак Энциклопедиясы" - бул үч тилдеги шоу жана кантип санариптештирүүнү искусство жана маданий мурастарды сактоо тармагында колдонсо болорун көрсөтөт.

Көргөзмөнүн максаты:

Экологиялык – текстиль өнөр жайындагы калдыктарды түстүү, кооз чыгармаларга кайра иштетүү аркылуу адамдардын айлана-чөйрөгө болгон мамилесин өзгөртүүгө көмөктөшүү. Бул максат-ыштын азыркы шарттарында өзгөчө актуалдуу;

Экономикалык – ишкер аялдар өздөрүнүн заманбап буюмдары үчүн эски үлгүлөрдү колдоно алышат;

Маданий – улуттук мурастарды жана салттарды сактоо.

Маалымат үчүн: "Курак" аялдар форуму коомдук бирикмеси 10 жылдан ашуун убакыттан бери аялдардын ишкердигин илгерилетүүгө байланышкан суроолор менен алектенип келет жана ишкер аялдардын инсандык, профессионалдык өсүшүнө жардам берүүчү сапаттуу, эффективдүү кызматтарды жана программаларды сунуштаган аянтча болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий