• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте курулуп жаткан үйдүн бөлүгү урап, алты адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан үйдүн бөлүгү урап, натыйжада 6 адам жабыркады. Алардын экөө ооруканага жаткарылганын КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, төрт жабырлануучуга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, бирөө Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборуна, экинчиси – Улуттук госпиталга жөнөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинен ооруканага жабыркагандар дагы түшүп жатышканын, бирок канча адам экени такталып жатканын билдиришти.

ЖМКлар билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча кырсык курулуп жаткан имараттын экинчи кабатына бетон куюп жатканда болгон.

Пикир

Оставить комментарий