• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте куткаруучулар батирде бекилип калган пенсионерге жардам көрсөттү

Кырсык 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Куткаруучулар Бишкектин Чүй проспектисинде жайгашкан №136 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Батирдин ичинде 85 жаштагы аял киши жыгылып, өз алдынча тура албай калган.

Куткаруучулар жабыркаган аялды керебетке жаткырып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий