• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 8-сентябрда саат 21:04тө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чектешкен аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн, Кадамжай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий