• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир күндө 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Тайлак Баатыр көчөсүндө иштебеген 25 чарчы метр павильон толугу менен күйгөн. Ал эми Чүй облусунун Чүй айылында май сактоочу контейнер, 300 литр күйүүчү май, 3 пластмас цистерна күйгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында турак үйдүн 74 чарчы метр тунуке жабылган чатыры, эки бөлмөсү жана 4 пластикалык терезе, 3 жыгач терезе, 3 пластик эшик күйгөн. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Баяман баатыр базарында 2 кабаттуу курулуш материалдарын саткан контейнердин 432 чарчы метр аянты күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий