• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй районундагы мечиттердин арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Чүй райондук хатибиятынын демилгеси менен райондогу мечиттер арасында ынтымак-биримдикти бекемдөө, ден соолукту чыңдоо максатында футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй районунун хатибиятынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган спорттук мелдеш мечиттер арасында алгачкы жолу өткөрүлүп жатканына байланыштуу бул жолкусунда 4 команда күч сынашып, алардын ичинен биринчи орунду Садовая айылынын мечит жааматы жеңишке жетишти.

Андан тышкары, мелдешке Покровка, Прогресс жана кичирайон мечиттеринин жамааты катышкан. Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш өтө кызыктуу болуп, эми бул спорттук оюн ар бир айдын жума күнү өткөрүлмөй болду.

Өз учурунда Чүй облустук казыяты уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий