• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 15-июлда, саат 13:57де Кыргызстандын аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында 3 балл, Алай районунун Сары-Согол, Талды-Суу, Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий