• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын дарыясына түшүп кеткен 9 жашар баланы издөө убактылуу токтотулду

Кырсык 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Нарын дарыясына түшүп кеткен 9 жаштагы баланы издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде кар эрип, суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу баланы издөө иштери убактылуу токтотулду.

Эскерте кетсек, 7-мартта Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 9 жаштагы Т.Т. аттуу бала түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий