• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 29-мартта саат 16:04тө Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий