• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Окуучунун сабалышы боюнча 4 милиция кызматкери жазага тартылып, инспектор жумуштан айдалды

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бишкектеги 47-мектепте 8-класстын окуучусунун 9-класстагы окуучулар тарабынан сабоо фактысы боюнча Бишкек шаарынын жана Ленин районунун ички иштер башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын бир катар кызматкерлери жазаланды. Бул тууралуу борбордук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаары боюнча ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн чечимине ылайык, өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн Бишкек ШИИББнин, Ленин РИИБнин жетекчилери дисциплинардык тартипте жазаланды:

- Бишкек ШИИББнин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги И.Т.га кызматка толук эмес ылайык келбөө жөнүндө эскертүү берилди;

- Бишкек ШИИББнин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын улук инспектору, милициянын подполковниги Т.Д.га сөгүш жарыяланды;

- Ленин РИИБнин кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Д.К.га сөгүш жарыяланды;

- Ленин РИИББнин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын башчысы А.А.га сөгүш жарыяланды;

- Ленин РИИББнин коомдук копсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын инспектору, милициянын кичи лейтенанты Э.Б ээлеген кызматынан түшүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий