• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-кытай бизнес форуму өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-кытай бизнес форуму өтүүдө. Ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулду.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана кытай инвесторлорунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү пландалууда.

Алсак, Кыргызстандын агро өнөр-жай потенциалы, жол инфраструктурасына, энергетика тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү тартууланат.

Андан тышкары иш-чаранын алкагында бизнесмендерге B2B жолугушууларын өткөрүүгө мүмкүндүк берилет.

Ошондой эле бир катар документтерге кол коюлары белгиленүүдө.

Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Кытайдын КРдагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе катышууда.

Пикир

Оставить комментарий