• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5-каналды сатуу демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште 5-каналдан парламенттик телеканал макамын алып салуу жана аны андан ары сатуу максатында демилгеленген «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» КР мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт.

Эске салсак, «Бешинчи канал» 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен улутташтырылган. Ал эми 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Андан соӊ, жумушчу топ түзүлүп, ал мыйзамдын аткарылышы мүмкүн эмес деген жыйынтыка келген. Анткени, телеканалдын уюштуруу-укуктук формасы аныкталган эмес, телеканалдын менчик ээси аныкталган эмес.

Ушу тапта мыйзам маанисин жоготту. Өкмөт «Бешинчи каналга» пайызсыз насыяларды бөлүп жаткандыктан, бюджетке ашыкча чыгым алып келүүдө. Жогорку Кеңеш азыркы учурда өз ишин «Пирамида» телеканалы аркылуу чагылдырып жатат. Андан тышкары, КР Өкмөтү аталган телеканалды өнүктүрүү үчүн мезгил-мезгили менен пайызсыз бюджеттик насыяларды бөлүп берүүдө.

Депутат Улан Примов «Бещинчи каналды» сатуу маселеси 9 жылдан бери козголуп келатканын, анын Салык кызматына, Соцфонго карыздары топтолуп калганын айтты. «Мындай каналдын бизге кереги барбы?», - деген собол салды ал. Маммүлктү башкаруу фодунун өкүлү Бекболот Алиев мамлекеттик телеканалдын башкы милдети – өлкөнүн маалымат саясатын камсыз кылуу экенин белгиледи. «Анын парламенттик телеканал макамы бар болгондуктан, биз бирдиктүү чечим кабыл ала албай келебиз. Анын башы ачылса, телеканалдын тагдырын чечебиз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий