• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик ипотекалык компания 991,5 млн сомго насыя берди

Экономика 0


Бишкек, 20-февраль /Кабар/. 2017-жылы 20-февралга карата 991 млн 547 миң сом суммага 830 катышуучуга насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, компания биринчи насыяны 2016-жылы мартта берген. “Ошондон бери компания ипотека берүү боюнча көп иштерди жасады. Бүгүнкү күндө биз турак-жай алуу үчүн насыяга 991 млн сом бердик. Учурда биз миллиарддык насыя берүүгө камданып жатабыз”,-деди Б.Шамкеев.

Ал белгилегендей, программанын алкагында ипотекалык насыялар өлкөнүн бардык аймагында берилүүдө, жашоочулар кыймылсыз мүлк базарынын өнүгүүсү, үй-бүлөлүк кирешенин өлчөмүнүн эсебинен зайым каражаттарын колдоно алышат. Аймактар боюнча көрсөткүчтардүн ар түрдүүлүгүнө аймактардын социалдык-экономикалык абалы чоң таасир этүүдө.

“Азыркы учурда ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгү бюджеттик уюмдар жана мекемелердин кызматкерлеринин жеке турак-жайга муктаждарына гана берилген. Атап айтканда, ипотекалык насыя билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, маданият жана бюджеттик чөйрөдө иштеген кызматкерлерге берилет”,-деп белгиледи МИК башчысы.

Пикир

Оставить комментарий