• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Кыргызстан – Өзбекстан" бизнес-форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бишкекте эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форуму өтүүдө.

Иш-чараны КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров ачты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эң жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк мамиле, контруктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлгөнүн белгиледи.

“Биздин өлкөлөр ар тараптуу соода-экономикалык кызматташууга жетишүү үчүн ири потенциалга ээ экенин белгилегим келет. Форумдун жыйынтыгы натыйжалуу жана жемиштүү болот деп ишенем, бул биздин өлкөлөр ортосундагы толук кандуу, чыгармачылык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызмат кылат.

Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жакында эки өлкөнүн соода-экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир эте баштайт.

Форумдун бардык катышуучуларына жемиштүү иштөөнү жана алдыга жылуу келишимдерге жетишүүнү каалайм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 100 млн долларлык 10 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Маалымат үчүн: Бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий