• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Кыргызстан жаңы шарттарда” аттуу тегерек стол өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде “Кыргызстан жаңы шарттарда” аттуу тегерек стол өтүүдө. Ага ЖМК башчылары, эксперттер жана саясат таануучулар катышууда.

Тегерек столдо өлкөдө жана дүйнөдөгү учурдагы коомдук-саясий кырдаал, ошондой эле Кыргызстандын глобалдык процесстердеги ролу талкууланууда. Мындан тышкары чек ара маселелери дагы талкууланууда.

Саясий эксперт Марс Сариевдин айтымында, чындыгында учурда дүйнө жаңы шарттарда жана буга ылайыктуу дүйнө таанымы талап кылынат.

“Биз глобалдык оюнчулардын көңүл чордонундабыз. КМШ өлкөлөрүндө болуп жаткан окуяларга көңүл буруубуз зарыл. Ошол эле Украинада, Грузияда, Азербайжанда жана Арменияда болуп жаткан окуялар. Кыргызстанда дагы провокация жасоого аракеттер бар. Мисалга, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды курчутуу. Бул процесстерде үчүнчү күчтөр бар деп эсептейм”, - деди ал.

Эксперт кошумчалагандай, эксперттердин да, ЖМКлардын да ролу - бул процесстер менен иш алып баруу.

“Мындай чыр-чатактарды жаңы пайда болуп келе жаткан учурда эле токтотушубуз керек. Чек ара маселесине дайыма кылдат мамиле кылуу керек жана ЖМКнын ролу абдан маанилүү. Чек ара маселелери боюнча иштөөнүн атайын алгоритмин иштеп чыгуу зарыл. Акырында, сырттан кысымга алынган өлкөлөр глобалдык процесстердин торунда куурчак болуп калбашы керек. Башкача айтканда, биз долбоордук чыр-чатактарга тартылбашыбыз керек. Бул жагынан биз тыгыз иштешибиз керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий