• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөлүк 9 жаран Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Чет өлкөлүк 9 жаран Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандын чек арачылары Пакистан Ислам Республикасынын 9 жаранын кармашкан, алар казак-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өтүшкөн.

Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалгандарга карата сотко чейинки иликтөө башталды.

Пикир

Оставить комментарий