• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Ленинграддын фашисттик курчоодон бошотулган күнүнө карата митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 27-январда Дайыр Асанов атындагы сейил багында Ленинград блокадасы фашисттик курчоодон толук бошотулганынын 77 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, тарых баракчасына баш баксак, 1943-жылдын 18-январында Ленинград блокадасы курчоодон бошотулган. Курчоодо калган Ленинград шаарынан 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң бала Кыргызстанга эвакуацияланган.

Курман болгондорду эскерүү иш-чарасы эстеликке таазим кылып, гүлчамбар коюу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий