• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте президенттин катышуусунда КР адвокаттарынын II съезди өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда КР адвокаттарынын II съезди өтүп жатат.

Белгилей кетсек, съезддин ишине ар бир аймактын адвокаттарынын санына пропорционалдуу ар бир аймактын адвокатурасынан делегаттар катышууда.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын адвокаттар федералдык палатасынын президенти Юрий Пилипенко, Азербайжан менен Беларустун адвокаттар коллегиясынын төрагасы Анар Багиров, Виктор Чайчац, Өзбекстандын юристтер палатасынын башчысы Алим Эрназаров, Евробиримдиктин “КРда укук үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас жана Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун аймактык директору Фред Хьстон катышууда.

Белгилүү болгондой, съезддин алкагында төмөнкү маселелер каралат:

  • КРнын адвокатура катчылыгын жана Эсеп комиссиясын шайлоо;
  • Текшерүү комиссиянын жана этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүн тандоо;
  • КРнын адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкуловдун 2017-2021-жылдар аралыгындагы аткарган иштери боюнча отчету;
  • Этика боюнча комиссиянын 2017-2021-жылдарга отчету;
  • Текшерүү комиссиянын 2017-2021-жылдарга отчету;
  • Адвокаттар окуу борбору тууралуу маалымат;
  • КРнын монополияга каршы мыйзамдарынын бузулушун четтетүү маселеси.

Эске салсак, "Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясы жана адвокатура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын уставы жана Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын жогорку органы - Адвокаттардын Конгресси үч жылда бир жолу чакырылып, анда аткаруу бийлигинин органы – Адвокаттар кеңеши шайланат.

Пикир

Оставить комментарий