• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Жапаров: Адамдардын укук коргоо органдарына жана сотторго болгон көз карашын өзгөртүшүбүз керек

Президент 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. «Биз адамдардын укук коргоо органдарына жана сотторго болгон көз карашын өзгөртүшүбүз керек», - деп белгиледи бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров адвокаттардын II съездинде.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Саламатсыздарбы урматтуу адвокаттар, урматтуу коноктор жана съезддин катышуучулары!

Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн ушул жерде чогулуп отурабыз. Бул көйгөйлөрдү мамлекетти куруунун эң негизги маселелери болгон укуктук мамлекетти түзүү жана чыңдоо, укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу деген маселелер менен бирдикте кароого тийишпиз.

Биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Адвокаттарынын съездинин башталышы менен куттуктайм.

Адвокаттардын съездинин чакырылышын бир шарт менен кабыл алгам – съездге мүмкүн болушунча көп адвокаттар катышууга тийиш жана укук коргоо, ошондой эле сот системасынын өкүлдөрү чакырылышы керек. Себеби бул адвокаттар коомчулугу үчүн гана эмес, өлкөнүн укуктук системасы үчүн да чоң окуя.

Биз Адвокатуранын ишине тиешелүү бир катар курч көйгөйлөрдү талкуулашыбыз керек, алардын көпчүлүгү мамлекеттин укук коргоо жана сот системасын өркүндөтүүгө түздөн-түз тиешелүү.

Адвокаттар сот адилеттигин жүргүзүүдө мыйзам менен адам укугунун үстөмдүгү деген принципти коргоонун бир негизи болуп эсептелет.

Укук коргоо системасынын жана сот адилеттигинин натыйжалуу иштөөсү үчүн адвокаттар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин көз карандысыз аткарышы керек. Алардын ишине укук коргоо органдары жана башка таасирдүү жактар кийлигишпөөгө тийиш. Ошондой эле алар өздөрүнүн кесиптик ишин аткарууда ар кандай кол салуулардан, куугунтуктоолордон мыйзамдар аркылуу жана иш жүзүндө корголушу шарт.

Адвокаттарга кол салуу, басым жасоо болуп же жалпысынан укук коргоо органдарына көз каранды болсо, же соттор калыс болбой, адвокатуранын эл аралык стандарттарда каралган функциялары сакталбаган, корголбогон учурларда адвокаттардын көз карандысыздыгына коркунуч келип, алар иш-милдеттерин аткара алышпайт.

Кыргыз сот адилеттигинин тарыхында соттун таразасына түшүп калган адамдын тагдыры күтүүсүз кокустуктарга туш болгон мисалдар көп. Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың.

Мен ошол жаргылчактын кыйынчылыктарын бир нече жыл бою башымдан өткөргөн адам катары айтып жатам. Чынын айтайын, эгерде адвокаттардын жардамы болбосо, биринчи кезекте алардын моралдык колдоосу болбосо, сот иштеринде башка түшкөн кыйынчылыктардан чыга алмак эмесмин.

Урматтуу адвокаттар, урматтуу коноктор жана съезддин катышуучулары!

Адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык укук адвокаттардын маанилүү ролун таануу менен бирге мамлекеттин белгилүү бир милдеттерин да белгилейт. Мисалы, эркиндигинен ажыратылып, камакка алынган адамдарга адвокатты камсыз кылуу; адвокаты жок адамдарды көз карандысыз жана компетенттүү коргоочу менен камсыздоо, ал тургай айрым бир учурларда, акысыз таап берүүнү кепилдеген юридикалык жардамдарды түзүү; ошондой эле жазык сот өндүрүшүндө коргоочу менен айыптоочу тараптардын тең атаандаштыгына мүмкүндүк берүү милдеттери бар.

Ушул жылдын 11-апрелинде элибиз добуш берип кабыл алган Кыргызстандын жаңы Конституциясында эл аралык укуктун талаптары катары гана эмес, адвокатуранын конституциялык-укуктук статусу түздөн-түз бекитилди. 64-беренеде адвокаттардын өз алдынча башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатуранын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат деп жазылган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин ченемдерине ылайык, ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.

Башкача айтканда, жарандар адвокаттын юридикалык жардамын акысыз алууга укуктуу. Калктын аз камсыз болгон жана аялуу катмарларына, ошондой эле чет элдик жарандарга, жарандыгы жок адамдарга мындай жардам “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

2021-жылга адвокаттардын эмгегине акы төлөө үчүн такталган смета 74 212 000 сом өлчөмүндө бекитилген. Салыштырсак: мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттардын эмгегине акы төлөөнүн бюджети 2018-жылы болгону 18 552 400 сомду түзгөн.

Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, ушул жылдын 1-сентябрына карата Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасынын мамлекеттик реестрине болгону 422 адвокат кирген.

Башкача айтканда, адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алган адамдардын болжол менен 10 пайызы гана аз камсыз болгон жана аялуу катмардагы жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү системасында иштейт.

Бул жагдай иш жүзүндө өлкөбүздүн алыскы региондорунда элдин көпчүлүгү зарыл учурларда мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардамды албай калууда дегенди билдирет. Муну Президенттин Администрациясына жарандардан кайрылуулар көп келип жатканы айгинелеп турат. Алардын көпчүлүк бөлүгү жарандык жана жазык иштери боюнча сот өндүрүшүнө тиешелүү болууда.

Юстиция министрлиги Адвокатура менен биргелешип, адвокаттардын ушул ишти жүргүзүүгө болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча иштерди күчөтүшү керек деп эсептейм.

Бул үчүн жарандарга жана башка адамдарга квалификациялуу жардам көрсөткөн адвокаттардын сый акыларынын өлчөмүн эң аз дегенде 2 эсеге көбөйтүү зарыл. Адвокатура Юстиция министрлиги жана Министрлер Кабинети менен биргелешип, кечиктирбестен ушул жааттагы чараларды көрүүсү керек.

Урматтуу адвокаттар жана укук коргоо органдарынын, сот бийлигинин өкүлдөрү!

Кыргызстан эгемендик алган 30 жыл ичинде мамлекет куруу жаатында, экономикада, социалдык чөйрөдө, дээрлик бардык тармактарда олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү.

Мындай өзгөрүүлөр укук коргоо жана сот системасында да болду. Бүгүнкү биздин милдетибиз ушул системанын сапаты кандай экенин талдоо болуп турат. Анын өнүгүүсүнө эмне тоскоол болуп жатканын табышыбыз керек. Ансыз алдыга жылуу мүмкүн эмес.

Бүгүн сот адилеттигинин акыйкаттуу, мыйзамдуу болушуна коомчулук дагы, мамлекет дагы кызыкдар. Ошондуктан мен адвокаттык, укук коргоо жана сот иштерин өркүндөтүүнүн негизги көйгөйлөрү боюнча өзүмдүн пикирлеримди айтышым керек деп эсептейм.

Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, 5-марттагы Судьялардын республикалык кеңешмесинде жана 5-майдагы Кыргызстан элине жасаган кайрылуумда укук коргоо жана сот иштериндеги чоң-чоң кемчиликтер жөнүндө айткам.

Ушул жылдын аягына чейин тиешелүү укук коргоо органдары жана сот бийлиги коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды караштыруу менен укук коргоо жана сот ишин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар пландарын бекитип берүүнү тапшырам.

Башыбыздан өткөн тажрыйба көрсөтүп тургандай, өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук жана укуктук тартип көпчүлүк учурда укук коргоо системасынын сапаттуу ишине жана сот адилеттигине көз каранды болот.

Укук коргоо жана сот системалары – бул миңдеген адамдардын тагдыры чечиле турган эң маанилүү мамлекеттик институттар!

Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери, соттор жана адвокаттар жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоону толук камсыз кылбай жатканын ачык айтуу керек. Соттор өз укуктарын мыйзамдуу түрдө коргоого аракет кылган көптөгөн жарандар, ишкерлер, юридикалык жактар үчүн – ыкчам, калыс жана адилеттүү боло албай келишет.

Натыйжада жарандардын, ишкердик субъектилердин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулууда, инвестициялык климат начарлоодо, жалпы мамлекеттик бийликтин авторитетине шек келүүдө.

Ошентип, мамлекеттин укук коргоо жана сот ишинин көйгөйлөрү бир гана укуктук эмес, ошондой эле саясий мүнөзгө да ээ болуп калууда.

Урматтуу адвокаттар, укук коргоо органдарынын жана сот бийлиги бутагынын өкүлдөрү!

Мыйзамдуулук принцибин бузуу, кесипкөйлүктүн жана калыстыктын жоктугу, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, судьялардын жана адвокаттардын жүрүм-турум этикасынын ченемдерин бузуусу – бул конкреттүү кызматкердин, судьянын же адвокаттын төгүлгөн абийири гана эмес, жарандардын укук коргоо жана сот системасына, жалпысынан мамлекетке болгон ишенимине доо кетирет.

Ал эми иштин жагдайына жана материалдарына шайкеш келбеген соттун адилетсиз чыгарылган чечими Кыргыз Республикасынын атынан аткарылуучу сот адилеттигинин идеясын түп тамырынан бери жок кылууда.

Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупция мамлекетибиздин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн солгундатуунун жана коомдогу социалдык чыңалуунун булагы экени эч кимге жашыруун эмес.

Акыркы жылдары алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн компетенттүүлүгүнүн деңгээли, кылмыш иштерин иликтөө сапаты кескин төмөндөп баратат.

Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, адвокаттардын жана судьялардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээли коом тарабынан сынга алынып келет.
Тергөө органдарынын далилдердин бурмалоого көбүнчө “көз жумуп” койгон мамлекеттик айыптоо жана соттор сотторду сот адилеттигин орнотуучу орган эмес, чынында, жазалоочу органга айландырууда.

Мындай терс көрүнүштөрдү укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттордун адилетсиз чечимдерине, алардын жазасыз калышына туш болгон карапайым жарандар, коомдук-саясий ишмерлер, бизнесмендер өзүнүн жон-териси менен сезип жатышат.
Бул биринчи кезекте жарандардын жана юридикалык жактардын менчик укуктарын чечүү маселелерине тиешелүү. Укук коргоо органдары жана соттор көбүнчө жарандардын жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн рейдерлик жол менен басып алуунун “куралы” болуп калышат.

Кылмыштарды иликтөөдө жана кылмыш жана башка иштерди сотто кароодо мыйзамдуулук деңгээлинин төмөндөшүнүн терс тенденциясы укук коргоо органдарынын жана биринчи кезекте тергөө органдарынын ишине прокурордук көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгын көрсөтүп турат.

Прокурордук көзөмөл кылмыштардан зыян тарткан жарандардын жана ошондой эле мыйзамды бузгандардын да укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү кепилдиги болуп калууга тийиш.

Урматтуу адвокаттык коомчулуктун өкүлдөрү!

Кыргызстандын адвокаттык коомчулугу бүгүнкү күндө оор күндөрдү башынан кечирүүдө. Маселе – адвокатурадагы бышып жетилген көйгөйлөрдү чечүүгө бийликтин убактысы жана каалоосу болбогондугунда эмес.

Сот реформасын ишке ашыруунун жүрүшүндө укук коргоо жана сот ишине көбүрөөк маани берилген. Ал эми бийлик негизинен адам укуктарын коргоо жана мыйзамдын улуктугун орнотуу боюнча иштеген эл аралык долбоорлор тарабынан эскертилип айтылгандан кийин адвокаттык иш тууралуу эстечү. 2014-жылдын жайында “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иши жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, кайра эле унутта калган.
Мисалы, жогоруда аталган Мыйзамдын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Өкмөткө Адвокатуранын башкаруу органдарын, анын филиалдарын – аймактык адвокатураларды жана Адвокаттардын окуу борборлорун тиешелүү кызматтык жайларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилген.

Ошондон бери 7 жыл өттү. Бийликтин аткаруу бутагы болсо мыйзамдын бул талабын аткарган жок. Бул багытта биринчи кадамды жасоого убакыт келди.

Ушуга байланыштуу мен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге шаардык кеңеш менен биргеликте Адвокатура 1975-жылдан бери ижарага алып пайдаланып келген Москва көчөсү, № 90 дарегинде жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечүүнү тапшырдым.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетине Адвокатура менен өз ара аракеттенип, жогоруда аталган мыйзамдын 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн Адвокатуранын башкаруу органдарын жана региондук адвокатураларды тиешелүү жайларга жайгаштыруу боюнча ченемдерин ишке ашырууга киришүүнү тапшырам.

Адвокаттар кеңешине Адвокатуранын мамлекеттик органдардан көз карандысыздыгы алар менен, атап айтканда Юстиция министрлиги же Министрлер Кабинети менен кызматташпай коюуга болот дегенди билдирбей турганын эскертким келет.
Алсак, Адвокатура мамлекеттик органдар менен өзүнүн иши үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, тагыраак айтканда, жарандарга жана башка адамдарга багытына ылайык квалификациялуу жардам көрсөтүүчү адвокаттардын сый акысынын өлчөмүн жогорулатуу маселеси ж.б маселелер боюнча тыгыз кызматташуусу керек.

Азыркы учурда адвокатура институту олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Сот өндүрүшүндө көпчүлүк учурларда адвокаттардын иши бул укугу корголуп жаткан жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого реалдуу кызыкчылыгы жана каалоосу жок формалдуу иш болуп калууда.

Адвокат – бул сот процесстеринде реалдуу коргоочубу же сот адилеттигинин декорациялык фигурасыбы? Мындан улам биздин Конституцияда жана мыйзамдарда жазылгандай, айыптоочу жана коргоочу тараптардын тең укуктуулугуна жетишүүгө мүмкүн болдубу деген суроолорго бүгүнкү күндө “жок” деп так жооп берүүгө болот.

Себеби, биздин соттордо, судьяларда күнөөсүздүк презумпциясы эмес, тергөө материалдарынын аныктыгынын презумпциясы деген түшүнүк үстөмдүк кылат. Сотто акталууга өтө кыйын, анткени терс фактылар оң жагынан өтө оор. Адам кылмыш жасаганын далилдөөгө болот. Бирок ал аны жасабагандыгын далилдөө өтө сейрек учурларда гана мүмкүн. Мисалы, алиби кынтыксыз болгондо гана.

Практикада биздин жазык-сот өндүрүшүнүн борбордук стадиясы соттук териштирүү эмес, тергөө болуп калган. Тергөө көп айга созулат, айыптоо корутунду көп сандагы томдор менен түзүлөт. Судья башынан эле прокурор тарабынан бекитилген тергөөнүн айыптоо корутундусун көчүрүп коёт.

Ошондуктан жазык-процесстик мыйзамды өнүктүрүүдө башкы максат кылмыштарды иликтөөнүн жаңы сапатына чыгуу, андан заказдык иштерди, ойдон чыгаруу жана көрсөтмөлөрдү мажбурлап алуу мүмкүндүгүн берүүчү бардык ченемдерди алып салыш керек деп ойлойм.

Адвокаттардын көңүлүн төмөнкү проблемаларга буруу зарыл деп эсептейм. Элде көптөн бери: мыйзамдарды жакшы билген эмес, судьяны жакшы билген адвокат мыкты деген сөз бар. Башкача айтканда адвокатуранын ишине, тилекке каршы, коррупциянын метастазы аралашып калган деп айтууга болот.

Коомдо калыптанып калган ой-пикир боюнча, адвокаттар эки формалдуу эмес категорияга бөлүнөт.

Биринчиси – бул чечүүчүлөр, башкача айтканда, көпчүлүк учурда кесиптик даярдыгы төмөн жана укуктук аң-сезими начар өнүккөн, бирок кеңири чөйрөдөгү байланыштарга ээ болуп, кардарларда пайда болгон проблемаларды ким менен жана кандай акчага чечүүгө болорун билишкен адвокаттар.

Экинчи категорияга укутук даярдыгы мыкты, зарыл болгон процесстик документтерди сапаттуу даярдай алган, соттук жыйындарга жана тергөө иш-аракеттерине активдүү катышкан, бирок ишенген адамдын үмүттөрүн актоого ар-дайым эле жетише албаган, башкача айтканда, жогоруда айтылган себептер менен сотто утулуп калган адвокаттар кирет.
Өз кардарларына юридикалык жардам көрсөтүү менен кээ бир адвокаттар тергөө органдарынын айрым кызматкерлери жана судьялар менен кесиптик мамиледе гана эмес, көмүскө-коррупциялык мамилелерде да болушат.

Буга кандай каршы турууга болот? Кыргыз Республикасынын Адвокаттарынын кесиптик этика кодекси мыйзам жана жактоочу кесибинин адеп-ахлагы ишеним артуучунун эркинен жогору экендигин жана анын эч кандай каалоолору, өтүнүчү же көрсөтмөсү, эгер алар мыйзамды сактабоого алып келсе аткарылбай тургандыгын жарыялайт.

Адвокат сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жеке байланышын пайдалануу, ишти башка мыйзамсыз ыкмалар менен чечүүгө сөз берүү менен адамдарга өз жардамын таңуулабашы жана аларга жактоочу болбошу керек.

Адвокатура боюнча эң маанилүү милдеттердин бири - бул Адвокаттардын этика боюнча комиссиясынын ишин активдештирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу. Мыйзамдын жана Кесиптик этика кодексинин талаптарын сактабагандыгы үчүн адвокат адвокаттык ишти жүргүзүүгө лицензиясынан ажыратууга чейин жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Мындай ыкма менен адвокаттык коомчулук ак ниет эмес жана татыксыз кесиптештеринен тезинен арылышы керек.

Кесиптин кадыр-баркы жөнүндө кам көрүү, адвокатуранын ар-намысын, авторитетин сактап калуу ар бир адвокаттын адеп-ахлактын милдети болуп саналат. Адвокаттын жүрүм-туруму юридикалык жардам көрсөтүүдө да, ошондой эле турмуш-тиричиликте жана жеке турмушунда да мыйзамдын талаптарына жана адеп-ахлак принциптерине жооп бериши керек.

Биздин адвокатуранын ишин олуттуу, ал тургай радикалдуу жакшыртуу жана сот өндүрүшүнүн механизмдерин өркүндөтүү, реалдуу атаандаш сот процессин түзүү зарылдыгы коомго жана бийликке айкын болуп калды.

Ал үчүн биринчи кезекте колдонуудагы мыйзамдын адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алуу укугуна ат салышкан талапкерлерге карата квалификациялык талаптарды жогорулатуу бөлүгүн кайра карап чыгуу зарыл. Мыктыларды тандап алууга мүмкүндүк берүүчү конкурстук система иштеши керек.

Адвокат болом деген талапкерлердин кесипкөйлүк деңгээлин текшерүүгө жана иштеп жаткан адвокаттардын кесипкөйлүк деңгээлин кармоого карата олуттуу мамиле жасоо зарыл.
Бүгүн биз Адвокатура сот өндүрүшүнүн тең укуктуу катышуучусу болуп калды деп айта албайбыз. Биздин өлкөдө жазык процессинде тараптардын атаандаштыгы боюнча кырдаал идеалдуу эмес. Көпчүлүк учурларда сот адилеттиги мамлекеттик айыптоонун кызыкчылыктары тарабына олуттуу ооп кетүүсү байкалууда.

Кесиптик милдеттерин аткарууда адвокаттар ишке ашыруучу мыйзамдуу аракеттер үчүн жазыктык, жарандык-укуктук жана администрациялык куугунтуктоого каршы иммунитетти, адвокаттардын кесиптик милдеттерин аткарууда укук коргоо органдары менен соттордун имараттарына эркин кирүүсүн жана бул маселеде басмырлоочу ведомстволук чектөөлөрдү жокко чыгарууну камсыздоо зарыл.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында мамлекет башчысынын алдында Укук коргоо жана сот иштерин өркүндөтүү боюнча кеңештин биринчи жыйыны өткөн. Биз соттук-укуктук реформанын кезектеги этабын ишке ашырууга кириштик.
Соттук реформаны ишке ашыруу жана сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды жаңылоо укук коргоо органдарын өз ишинде тиешелүү өзгөрүүлөргө мажбур кылат. Анткени айып коюу жөнүндө укукка сыйбаган токтом адвокатуранын активдүү катышуусунда көз карандысыз жана компетенттүү сот тарабынан четке кагылышы керек. Ал эми сот өндүрүшүн ишке ашыруунун ачык-айкындуулугу алардын ишинин бардык туура эмес жактарын аныктайт.

Мындай шарттарда биз компетенттүү тергөөчүлөргө, прокурорлорго, адвокаттарга суроо-талап сөзсүз түрдө пайда болот, процессуалдык ишке жумшалган эмгектин акыбети кайтат, сот өндүрүшүндө атаандаштык процесси толугу менен камсыздалат деп ишенебиз.

Биздин алдыбызда бүгүнкү күндө укук коргоо жана сот ишин реформалоодон да кыйла татаал милдет турат. Биз адамдардын укук коргоо органдарына жана сотторго болгон көз карашын өзгөртүшүбүз керек. Сот – бул чындык экенин далилдөөгө тийишпиз. Адамдар сотко бийликке ишенгендей ишенүүлөрү кажет. Бул мамлекеттик милдетти ишке ашырууда Адвокатура маанилүү ролго ээ экендиги шексиз.

Урматтуу адвокаттар, биздин жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишиңиздерге жана коомчулук менен мамлекетте укуктун жана мыйзамдын улуктугу принцибин калыптандырууда кесиптик ийгиликтерди каалайм!

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!».

Пикир

Оставить комментарий