• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик ишмер Сопубек Бегалиевдин эстелиги ачылды

Коом 0

Бишкек, 08.07.23./Кабар/. Бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Сопубек Бегалиевдин эстелигинин ачылыш салтанаты өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрдигинен бидиришти.

Эстеликти ачып жатып,экономика министри Данияр Амангелдиев Бегалиевдин кыргыз экономикасынын гүлдөп өнүгүшүнө кошкон салымы баа жеткис экенин белгиледи.

"Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин эстелигинин ачылыш аземине катышып жатканым мен үчүн чоң сыймык. Анткени бул адамдын басып өткөн жолу, өрнөктүү өмүрү жаштар үчүн үлгү. Кыргыз экономикасынын гүлдөп өнүгүшүнө кошкон салымы баа жеткис. Анын өмүр таржымалына көз жүгүртсөк, табиятынан тубаса экономист экендиги билинип турат", -деди министр.

Ошондой эле эстеликти ачуу салтанатында мурдагы КР Министлер Кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов жана Сопубек Бегалиевдин жубайы Батый Талиповна мамлекеттик ишмердин бийик адамкерчилик сапаттатарын, күнү-түнү эл үчүн кызмат кылганын сөз кылышты. Ошондой эле Кыргызстан элдери ассаблеясынын төрагасы А.Матубраимов, шакирти, мурдагы транспорт министри С.Аблесов жана башкалар сөз сүйлөп, С. Бегалиевдин кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек сиңиргенин эскеришти.

Иш-чаранын соңунда С.Бегалиевдин эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

Сопубек Бегалиев 1931-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген.

1954-жылы Москва мамлекеттик экономика институтун аяктап, экономика адистиги боюнча жогорку билим алган. Өзүнүн эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик планында улук инженер-экономисти болуп баштаган.

Ал 23 жыл бою Республиканын Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары – Малекеттик пландоо комитетинин төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенип, Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурган. Анын демилгеси жана активдүү катышуусу менен узак мезгилге борбор калаанын комплекстүү өнүгүшүнүн генералдык планы иштелип чыккан. Ушуга ылайык саламаттыкты сакто, маданият, билим берүү обьектилери курулуп, ар түрдүү инфраструктура түзүлгөн. Ошол мезгилде сүйүктүү шаарыбызда ондон ашык кичирайондор, жалпы билим берүү мектептери, ооруканалар, кинотеатрлар, соода жана турмуш-тиричилик борборлору курулуп, байланыш каражаттары жана коммуникация, автомобиль жолдору салынган.

Борбор калаанын маанилүү обьектилери болуп эсептелген “Манас” аэропорту, Кыргыз мамлекеттик драма театры, Улуттук филармония, Спорт сарайы, В.И. Ленин атындагы китепкана, Мамлекеттик цирк, Тарых музейи, мейманканалар, Ош, Аламүдүн. Орто-Сай базарлары жана башка мекеме-ишканалар курулган.

Сопубек Бегалиев Мамлекеттик Пландын төрагасы катары экономиканын реалдуу секторунун өнүгүшүнө көп күч-аракетин жумшаган. Ал өзүнүн ак ниет эмгеги менен артына өлбөс-өчпөс из калтырды.

Пикир

Оставить комментарий