• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

КРнын эмгек сиңирген артисти Динара Салиева дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Салиева Динара Азизовна 74 жаш курагында дүйнө салды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Динара Салиева 11-июнда узакка созулган оорудан каза болгон.

Динара Салиева 1948-жылы 19-ноябрда Фрунзеде туулган. Ал Москва консерваториясынын профессор-пианист Генриетта Мирвистин жана профессор Леонид Ройзмандын орган классын бүтүргөн.

Динара Салиева Кыргызстандагы биринчи органист жана ошол кездеги Борбордук Азиядагы жалгыз аял органист. Кыргыз филармониясынын жана «Союзконцерттин» солисти катары 2,5 миңден ашык жеке концертин берген.

Ал дүйнөдөгү эң мыкты органисттер кире алган Рига Купол соборунда чыгармаларды аткарган.

Ал легендарлуу Бах соборунда - Санкт-Михаэлискирхеде Кирхенмюзик курсун бүтүргөн, ал жерде улуу Иоганн Себастьян Бах хордо ырдап, концерт берген.

Динара Салиева философ-педагог, жазуучу, публицист, искусство таануучу жана коомдук ишмер, академик Азиз Салиевдин үй-бүлөсүндө туулган.

Динара Салиева 2015-жылы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хору менен бирдикте Калый Молдобасановдун “Эне талаасы” ораториясын органдык аткаруу үчүн жеке өзү транскрипциялап, калың аудиторияга тартуулаган.

Пикир

Оставить комментарий