• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте медициналык колледждин директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Бишкектеги медициналык колледждердин биринин директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭКККМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда А.Ж. аттуу жаран жалпы билим берүүчү орто кесиптик медициналык колледждин директору А.Б.га карата чара көрүүнү суранып ЭКККМКга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, директор арыздануучудан аталган окуу жайга кирүү үчүн 25 миң сом талап кылган. Ага чейин арызданган жаран 30 миң сом өлчөмүндөгү акча берген.

Аталган факт боюнча 225-берененин экинчи бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

12-сентябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 25 миң сом өлчөмүндөгү акча алып жаткан жеринен колледждин директору Р.Н. кармалган.

Учурда тергөө жүрүүдө.

ЭКККМК органдарына мындай фактылар боюнча бир нече арыздар түшөт. Бул жаш муундун аталган кызматка болгон ишенимин көрсөтөт. Бирок арыздардын көпчүлүгү жашыруун түрдө келет. Буга байланыштуу Каржы полициясы студенттерге шектүү сунуштарга макул болбоого, мындай абалдарда 1955 ишеним телефонуна же 0312 323091, 0312 323707 телефон номерлери аркылуу байланышка чыкса болот.

Пикир

Оставить комментарий