• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мектеп театрлары арасында сынак өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин арасында “Сыйкырдуу сахна дүйнөсү” аттуу шаардык сынактын тандоо туру өтөт. Сынакка катышууну каалаган 17 мектеп театрынан билдирүү келип түшкөн.

Иш-чара 8-9-январь күндөрү №4 мектеп-гимназияда болот, - деп билдирет Бишкек мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган сынактын максаты мектеп окуучулары арасында чыгармачылык өнөрлөрүн өнүктүрүү, чыгармачыл ишмердүүлүгүн активдештирүү, театрдын эң мыкты образдары аркылуу жаштарда мекенчилдикти тарбиялоо.

Пикир

Оставить комментарий