• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мектеп жана бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Бишкекте шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында “Мектептердин жана бала бакчалардын 2022-2023-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө” коллегия болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Бишкектин вице-мэрлери, 4 райондун акими, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана башкалар катышты.

Анда Билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстамбекова, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мирлан Молдобасаров, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болот Апилов баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө баяндамачылардын сүйлөгөн сөзүндө көтөрүлгөн маселелер талкууланып, билим берүү уюмдарын жаңы 2022-2023-окуу жылына даярдоодо пайда болгон маселелер да каралды.

Мэр мектептерде курулуш иштерин активдештирүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Жооптуу кызматкерлерге штаттык бирдикти көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы мектептердин жанына жол белгилерин орнотууну, жол сызыктарын чийүүнү улантат.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсы кыш мезгилине карата даярдыкты көзөмөлгө алышты.

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттордогу трафареттерди жаңылоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий