• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция унаасына жасалма номер тагып жүргөн жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.20. /Кабар/. Бишкекте милиция унаасына жасалма номер тагып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 14-ноябрында болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Л. Толстой жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Текшерүү учурунда 2001-жылы туулган Ю.Б. аттуу айдоочу өзүнүн автоунаасынын мыйзамдуу номерин катып, башка жасалма номер менен унааны айдап жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты боюнча автоунаа айып төлөөчү короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочуну Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий