• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Мукаш Абдраевдин 100 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 19.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кыргыз профессионал музыкалык өнөрүнө негиз салган залкар инсан Мукаш Абдраевдин 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, салтанатка маданият министри Нуржигит Кадырбеков, президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, М.Абдраевдин үй-бүлөсү, коомдук жана маданий ишмерлер катышты.

Мукаш Абдраев кыргыз профессионал музыкалык өнөрүнө негиз салгандардан.

Ал 1933-жылы Кыргыз музыкалык драма театрындагы скрипка классында, 1935-40-жылы Москвадагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайында билим алган.

1940-жылы А. И. Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясына кирген. 1950-жылы профессор С. Н. Василенконун классында Москва консерваториясынын теориялык композитордук бөлүмүн бүтүргөн.

Абдраев 1960-жылдан Кыргызстан композиторлор союзунун башкармасынын мүчөсү, 1963-67-жылы ал союздун төрагасынын орун басары, 1967-78-жылы төрагасы болуп иштеген.

Абдраевдин чыгармачылык иши 1940-жылы башталган. Абдраев өзүнүн талантын бардык музыкалык жанрларда көрсөтө алган. Кыргыз композиторлорунун ичинен опера жанрында өз алдынча иштеген биринчи композитор.

Композитордун стили кыргыз фольклорунун бай традицияларына негизделген. Анын чыгармаларында кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэмалар жана симфониялык музыка негизги орунду ээлеген.

Салтанаттуу иш- чара пандемия шартында чакан форматта өттү.

Пикир

Оставить комментарий