• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кожогелди Култегиндин кезектеги ыр китеби Түркияда түрк тилинде жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин кезектеги ыр китеби Түркияда түрк тилинде жарык көрдү.

«219 беттик кезектеги ыр китебим түрк тилинде жарык көрдү жана ал «Köklerden Kanatlara Kadar» деп аталат. Кыргызча мааниси – тамырлардан канатттарга чейин. Менин мурда кыргыз тилинде жарык көргөн «Тамырдан канатка чейин» аттуу китебимдин негизинде аталды», – деп билдирди Анкара шаарынан Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин.

«Köklerden Kanatlara Kadar» китеби атактуу «Türk Ocakları» уюмунун Бурсадагы бөлүмү тарабынан чыгарылган жана эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө Кожогелди Култегиндин ырларынын түрк тилиндеги көркөм котормолору. Которгондор – мурда Алыкул Осмоновду кыргыз тилинде сүйлөткөн түркиялык белгилүү акын Кенан Чарбога жана кыргызстандык Түркиядагы окумуштуу, акын, котормочу Калмамат Куламшаев.

«Окурмандарым жакшы билет, 20 жылдан ашык убакыттан бери ар бир жыйнагымдын барактарынын башына зымга конгон чымчыктардай кылып Кожо сөздөрүмдү (Таамай сөздөрүмдү) тизип-жарыялап келем. Түрк тилинде чыккан бул китебимде да ошол салтты кармандым. Баштан-аяк ар бир бетке Кожо сөздөр пайдаланылды. Аларды Ерзурумда иштеген кыргызстандык окумуштуу кызыбыз Майрамгүл Дыйканбаева которду,» – дейт Кожогелди Култегин.

Ал эми китептин экинчи бөлүмүндө Кожогелди Култегин түрк тилинен кыргыз тилине которгон Түркиянын даңазалуу акындары Каражаогландын ( 16-кылым), Назым Xикметтин (20-кылым), Нежип Фазылдын (20-кылым) ырлары орун алган.

Китеп өзүнчө Долбоор катарында даярдалып, биринчи бөлүмдө акындын ырларынын кыргызча түп-нускасы да, экинчи бөлүмдө Түрк акындарынын ырларынын түркчө түп-нускасы да кошо берилген. Демек, котормолорду түп-нуска менен салыштырып кароого толук мүмкүнчүлүк бар.

Китепти авторго тапшырып жаткан салтанатта Кыргызстан менен Түркиянын калкынын санын эске алуу менен акын Кожогелди Култегин: «Буга чейин 6 миллион окурманым бар эле, ушул сааттан баштап менин окурмандарымдын саны дароо 86 миллионго жетти!» - деп катышуучуларды жылмайткан.

Пикир

Оставить комментарий