• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте музыкалык фестиваль өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23-июнь /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Бишкекте 24-июнда саат 18:00 дө Эркиндик бульварындагы Эмен паркында “Fete de Musigue” жандуу музыка жаңырган Музыка фестивалы өтөт.

Фестивалды Франциянын Кыргызстандагы элчилиги, Бишкектеги франциялык Аляньс жана Ololoartstudio өткөрүп жатышканын уюштуруучулар билдиришти.

“Бул жолу биз салттуу музыка фестивалын аймактарга жайылтуу жана санын кеңейтүүгө аракет кылабыз. Биз музыкалык топторду, аткаруучуларды жана театралдык жамааттарды иш чарага катышууга чакырдык”,-деп билдиришти уюштуруучулар.

Ошондой эле, Бишкектеги кафе-ресторондарда дагы жандуу музыканы жаңыртуу максатында алар да чакырылган. «Fête de la Musique» - “Музыка фестивалы” алгачкы жолу Францияда 1982-жылы негизделген. Азыркы учурда эл арасына музыканы жайылтуу максатында дүйнө жүзүнүн 540 шаарында өтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий