• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министри болочоктогу режиссёрлорду кабыл алды

Маданият 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин киноакадемия бөлүмүнүн режиссура багыты боюнча билим алып жаткан студенттерин кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, Максутов болочоктогу режиссерлор менен Кыргызстандагы кинонун азыркы абалы тууралуу пикир алышып, мамлекет тарабынан кино жаатына колдоо болуп атканын белгилеп, келечекте кыргыз киносунда олуттуу бурулуштар күтүлөөрүн, ал эмгектердин арасынан ОшМУ студенттерин көргүсү келгенин айтты.

Ошондой эле министр студенттердин Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук “Кыргызфильм” кино студиясында мамлекеттик практика өтөө үчүн техникалык колдоо көрсөткөн ОШМУнун жетекчилигине жана окутуучусу Топчубай Досбаевге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл ОшМУнун Искусство факультетинин киноакадемия бөлүмүнүн режиссура багыты боюнча 14 адис окуусун аяктап жатат. Анын ичинен бүгүнкү жолугушууга келген беш студент кино жаатында дипломдук иш жазып жаткандыктан, жолдомону “Кыргызфильмге” алган.

Пикир

Оставить комментарий