• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Залкар төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына карата сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Залкар төкмө акын, КР эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн кароо сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак 15-16-октябрь күндөрү Замирбек Үсөнбаевдин автордук же иштеп чыккан жана ошондой эле, анын репертуарындагы чыгармаларды (конкурста аткарууга боло турган жалпы чыгармалардын тизмеси агайдын өзү менен макулдашып жобого тиркелет) аткаруучулар арасында өтөт.

Сынактын максаты - залкар акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү менен автордук жана өзүнүн аткаруусунда бизге жеткен баалуу чыгармаларынын керемет үлгүлөрүн түбөлүк сактоо болуп саналат.

Эң негизги максат Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолун жолдогон салттык өнөрдүн алып жүрүүчүлөрүн, тактап айтканда, салттуу өнөрдөгү залкарлардын чыгармаларын комуздун коштоосунда чебер аткара алган мыкты аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу болуп саналат.

Сынактын эрежелери:

  • Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор жана маданий- музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алат.
  • Катышуучулардын жашы чектелбейт.

Белгилей кетсек, залкар төкмө акын, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Замирбек Үсөнбаев 1951-жылы Фрунзе шаарында (Бишкек шаары) туулган. Атасы Алымкул Үсөнбаев төкмө акын, апасы Назим Беркимбай кызы акын болгон.

Пикир

Оставить комментарий