• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Мектеп сулуусу жана мырзасы - 2017” сынагына кастинг өтөт

Маданият 0

Бишкек, 03.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Борбор калаада 7-октябрда “Мектеп сулуусу жана мырзасы - 2017” сынагына кастинг өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Beauty Company Кыргызстан” директору Рыскүл Намазбекова билдирди.

Анын айтымында, бул күнү бишкектик мектептердин 7-11-класстарынын сулуу балдары жана кыздары чогулушат. Жеңүүчүлөр эл аралык сынактарга жөнөтүлүп, атамекендик тасмаларга жана клиптерге тартылуу мүмкүнчүлүктөрүн алышат.

“Эгерде силерге кайсы мектеп жеңүүчү болору кызык болсо, 7-октябрда Бөкөнбаев көчөсү 112 (Раззаков менен кесилишет) дарегиндеги башкы кеңсебизде күтөбүз”, - деп чакырды Намазбекова.

Пикир

Оставить комментарий