• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчу дзюдо боюнча ардагерлер арасында өткөн мелдеште алтын тагынды

Спорт 0

Бишкек, 03.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Жаркынбай Шамбетов Италияда өткөн дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк мелдеште алтын багындырды.

КРнын аталган спорт боюнча улуттук федерациясынан кабарлашкандай, мелдеш 30-сентябрдан 3-октябрга чейин Олбия шаарында өткөн. Ага 30 жаштан жогорку спортчулар катышкан.

Шамбетов 66 кг салмакка чейинки категорияда төрт спортчуну жеңип, ардагерлер арасында дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.

Пикир

Оставить комментарий