• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Пикир: Билим берүү жаатында Өкмөттүн иши алым сынаарлык

Маданият 0

Сулайман РЫСБАЕВ, балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор: “Өкмөт билим берүүнүн сапатын көтөрүү жаатында конкреттүү кадамдарды жасай баштады”

- Расмий статистикага таянсак, быйыл Кыргызстанда 134 мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет экен. Ошондой эле 100 жаңы бала бакча ишке киргени турат. Мындай көп сандагы билим уяларынын бир жылда курулушу өлкөнүн билим берүү сапатына канчалык таасирин тийгизет?

- Мындай иштердеги негизги максат – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Жаңы мектептердин, бала бакчалардын ачылышы биринчи кезекте билим берүүнүн сапатына оң таасирин тийгизет. Анткени, мыкты шарт түзүлгөн жайлардын болушу окуучулардын, мугалимдердин психологиясына оң таасирин тийгизип, алардын шыктанып билим алуусуна, шыктанып билим берүүсүнө жол ачат. 100 бала бакчанын ачылыганы чынында кубанычтуу кабар. Себеби, Советтер Союзу учурундагы бала бакчалардын санынын 50 пайыздан ашыгы жоюлуп кеткен эле. Аны менен мектепке даярдоо начарлап, мугалимдер үчүн да чоң түйшүктү жаратып келген. Мамлекет тарабынан түзүлгөн 480 саат деген план да калып кеткен.

- 2010-жылга чейин мугалимдер 3,5 миң сомдун тегерегиндеги айлыкка иштеп келген болсо, Апрель революциясынан кийин эл агартуучулардын маяналары дээрлик 4 эсеге чейин өсүп, учурда орточо маяна 13 миң 800 сомду түзүүдө. Муну билим берүүгө болгон камкордук деп түшүнсөк болобу?

- Согушта негизги күчтү аскерлер түзө турган болсо, билим берүүнүн аскерлери – мугалимдер деп койсок болот. Мугалимге жакшы курал бербесе, аларга жетишерлик маяна коюлбаса, эмгеги бааланбай тиешелүү шарттар түзүлбөсө натыйжа чыкпайт. Андыктан биринчи кезекте эл агартуучулардын шарттарын карашыбыз керек. Өкмөттүн бул багыттагы маселелерди демилгелеп, аны колдоп жатканы жакшы көрүнүш.

- Өкмөттүн акыркы жылдардагы билим берүү системасына кандай кам көрүп жатат деп ойлойсуз?

- Акыркы жылдары өкмөт да билим берүү сапатын көтөрүү үчүн конкреттүү кадамдарды жасай баштады. Ошого карата 33 окуу китеби сапаттуу жазылып, билим берүү Академиясы тарабынан жактырылды. Алардын баары жаңы стандарттарга төп келет. Аракет жакшы. Былтыртан бери көптөгөн окуу куралдары стандарттарга туура келтирилип иштелип чыгууда. Бул үчүн өкмөт окуу китептерин чыгарууга эл аралык каржы уюмдарын тартып, аны каржылоо да жакшы жолго коюлуп баратат.

- Мугалимдердин август кеңешмесине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзү катышып, эл агартуучулардын көйгөйлөрүн укту. Ушул кеңешмеге өкмөт башчысынын өзүнүн катышканын кандай баалайсыз?

- Негизинен август кеңешмесинде жакшы сөздөр болду. Сапаттуу билим берүү боюнча жакшы маалыматтарды алдым. Мамлекет, өкмөт билим берүү системасы боюнча жаңы чечимдерди кабыл алып жатат. Бул иштер да өз жыйынтыктарын берет. Ал эми август кеңешмесине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзүнүн катышканы анын бул тармакка кайдыгер эместигинен кабар берет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий