• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте нөшөрлөгөн жаандан улам үйлөрдүн короосун суу каптады

Коом 0

Бишкек, 22.03.24. /Кабар/. Бишкекте нөшөрлөп жааган жаандан улам үйлөрдүн короосуна жана жер төлөсүнө суу толгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:00дөр чамасында нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдан улам Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндөгү 2 турак үйдүн короосун, 1 турак үйдүн жер төлөөсүн жана короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери 1 мотопомпа, Свердлов муниципалдык администрациясынын жетекчилиги тарабынан 5 кызматкер, "Бишкек жашыл чарба" ишканасынан 6 кызматкер жана 1 Хово тартылып, Ибраимова көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короосуна кирген суулар сордурулуп, көчө тазаланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий