• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0


Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык жана жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери оор жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы 24 оор жүк ташуучу автотранспорт каражаттарды каттамга чыгарган фирмаларга барып, алардын айдоочуларына шаардын ичиндеги муниципалдык жолдордо автотранспорт каражаттарынын кыймылына болгон убактылуу чектөөлөргө толук баш ийүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү учурунда 2021-жылдын 28-июлунан 1-сентябрына чейин саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин күндүзгү абанын температурасы +28 градуска жеткен учурда, ошондой эле бир огуна 7 тоннадан ашык жүктөмдүү максималдуу жалпы салмагы 18 тонна болгон чоң жүктүү жана ири габариттүү жүк ташуучу автотранспорт каражаттардын Бишкек шаарынын муниципалдык жолдорунда жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилгендиги эскертилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий