• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте президенттин катышуусунда донордук конференция өтөт

Экономика 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Бишкекте 19-ноябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда жогорку деңгээлдеги донордук конференция өтөт. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппаратынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтуусунда, форумду өткөрүү 2018-жылдын 1-ноябрында президент Сооронбай Жээнбековдун донорлор менен жолугушуусунда макулдашылган.

«Конференцияга өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган. Анда аймактарды өнүктүрүү, инвестициялык климат, адам капиталын өнүктүрүү маселелери, суу ресурстарын башкаруу, климат жана өзгөчө кырдаалдарда башкаруу маселелери талкууланат», - деп билдирди Иманалиев.

Президенттин аппаратынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы кошумчалагандай, Дүйнөлүк банк тарабынан аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоор даярдала башталган.

«Алгачкы долбоор 60 млн. долларга Ош облусунун аймагында ишке ашырылат. Долбоор өзүнө эки кластерди өнүктүрүүнү камтыйт: агро-өнөр-жай комплекси жана Ош облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүү. Мындай өңүттөгү долбоорлор Дүйнөлүк банк тарабынан улантылат. Андан тышкары, Жалал-Абад облусун өнүктүрүү боюнча да долбоор бар, ага 11 млн евро каралган. Маалым болгондой, быйылдан тарта Digital CASA долбоорун ишке ашыруу башталды», - деди Иманалиев.

Пикир

Оставить комментарий