• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк санарип сомду иштеп чыгууга программисттерди издейт

Экономика 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын «Санарип сом» долбоордук тобу өз командасына кошуу үчүн программисттерди издейт.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, резюмени 2024-жылдын 1-февралына чейин mail@nbkr.kg электрондук дарегине «Долбоордук топко» деп көрсөтүү менен жана/же байланыш телефону/w/a: (0555) 66 58 40; (0999) 03 02 91; (0312) 66 90 56 жөнөтүү зарыл.

Программистке карата квалификациялык талаптар:

- жогорку техникалык билим;
- IT тармагында 1 жыл же андан көп иш тажрыйбасы;
- жок дегенде бир нече программалоо тилдерин билүү, блокчейн-технологиялары, токен, акылдуу контракттар ж.б. тармагындагы билимдер кабыл алынат;
- документ менен иш алып баруу деңгээлинде англис тилин билүү (окуу жана түшүнүү, сөздүк менен которуу);
- аналитикалык ой жүгүртүү жана изилдөө ишин жүргүзүү жөндөмүнө ээ болуу;
- командада иштей билүү, жоопкерчиликтүү, уюшкандыкта, туруктуу жана демилгелүү болуу;
- сунуштоо каттары кабыл алынат.

Керектүү көндүмдөр:

- маалыматтарды иштеп чыгуунун бардык этаптарында маселелерди чечүү үчүн технологияларды иштеп чыгуу;
- алгоритмдерди жана маалымат структураларын сүрөттөө үчүн программалоо тилин тандоо;
- программалардын алардын функционалдык максатына шайкештигин кыйла толук текшерүүнү камсыз кылуучу тесттик иш боюнча маалыматтын көлөмүн жана мазмунун аныктоо;
- жөнгө салынган программаларды ишке киргизүү жана тапшырмалардын шарттары менен аныкталган баштапкы маалыматтарды киргизүү;
- ишке киргизилген программаларды жана программалык каражаттарды тейлөө;
- эсептөө процесстерин бирдейлештирүү жана типтерге бөлүштүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- чыгуучу маалыматтарды талдоонун негизинде иштелип чыккан программаларды тууралоо мүмкүнчүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий