• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталып, маршрутканын айдоочусу мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бишкекте бүгүн болжол менен саат 07:30 чамасында 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу унааны башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон. Айдоочу окуя болгон жерден каза болгон.

Азыркы учурда кырсык катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий