• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму башталды

Билим 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы - КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда ректорлордун дүйнөлүк форумунун салтанаттуу ачылышы өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы өзүнүн куттуктоо сөзүндө форумдун бардык катышуучуларына иш-чараны өткөрүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мен бардык катышуучуларга жаратмандык рухун, чыгармачылык жана тынчтык каалайм. Нельсон Мандело: "Билим - дүйнөнү өзгөртүү үчүн колдоно ала турган эң күчтүү курал" деп айткан. Бул билдирүү билим менен коомду жакшы жакка өзгөртө аласың деген ойду билдирет. Форумдун жыйынтыгы жемиштүү жыйынтык берерине чын дилимден ишенем", - деди ал.

Эскерте кетсек, 14-15-сентябрда Кыргызстанда “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” темасындагы ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт.

Иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашуун ректорунун катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, форум изилдөөлөрдүн жана инновациялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖОЖдордун тажрыйба алмашуусуна негиз болот. Катышуучулар жаштардын илимий-техникалык потенциалын ишке ашыруу, ЖОЖдордун интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу, изилдөө жана билим берүү кызматтарын көбөйтүү үчүн илимий мектептерди уюштуруу жолдорун талкуулашат. Форум Кыргызстандын университеттеринин эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусуна өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий