• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Үркүндүн курмандыктары эскерилди

Коом 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүүгө арналган иш-чара өттү.

Тарыхчы Касым Молдокматов көтөрүлүштүн датасын, келип чыгуу себебин жана кыргыз элинин чоң жоготууларын эстетти.

“Көтөрүлүш түндүктө 8-августта башталган. Ал эми нааразычылык акциялары 1916-жылдын 3-июлунда эле башталган. Куралдуу көтөрүлүш кыргыз элине чоң жоготууларды алып келди. Көтөрүлүш бат эле басылып, эл Кытайга качты. Жолдон, ачкачылыктан аябай көп адамдар каза болду. 100 миңден ашуун киши набыт болгон”, - деди Молдокматов.

Кыргызстандын экс-акыйкатчысы Турсунбек Акун 2016-жылы бул күн мамлекеттик деңгээлде белгиленгенин билдирди.

“Улуттук масштабдагы бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн. Мамлекет бир нече эстелик орноткон. Боом капчыгайында өтө көп кыргыздар жок кылынган, биз ошол жакка эстелик койгонбуз. Жыл сайын биз ал жакка барып, куран окутуп турабыз. Менин оюмча Кыргызстандын ар бир жараны бул трагедиялык датаны эсинен чыгарбашы керек. Айрыкча келечек муун мындай окуя кайталанбашы үчүн биздин элдин тарыхынын “кара” күндөрүн билиши керек”, - деди Акун.

Көргөзмөгө 1916-жылдагы көтөрүлүшкө арналган атамекендик тарыхчылардын изилдөөлөрү, фотодокументтер, тарыхый материалдар, публикациялар, макалалар коюлган.

Иш-чарага коомдук ишмерлер, тарыхчылар, илим жана маданият ишмерлери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 18-апрелиндеги токтомуна ылайык, августтун биринчи жума күнү Улуу Үркүндү эскерүү күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий