• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте RobotoFest роботтор фестивалы өттү

Маданият 0

Бишкек, 11.03.18 /Кабар/. Бишкекте RobotoFest роботтор фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынын мектеп окуучуларынан 95 команда катышты. Ар түрдүү дисциплинада 200дөй робот көрсөтүлдү.

Фестиваль жаш таланттарды өнүктүрүү, мектеп окуучуларынын көркөм өнөргө кызыкчылыктарын өстүрүү, балдар жана өспүрүмдөр арасында илимий-техникалык чыгармачылыкты жакшыртуу жана робототехниканы жайылтуу максатында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий